“Айдоочуну байлап, унаасын айдап кетишкен”

Маалыматка ылайык, Чүй облустук жана Аламудүн райондук криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында 2022-жылдын 1-январь күнү таксистке каракчылык кылууга шектелип үч жаран кармалышты.
Белгилүү болгондой, 2021-жылдын 31-декабрь күнү болжол менен саат 02:00 чамаларында Бишкек шаарынан бейтааныш балдар такси чакыртышып, Аламүдүн районунун Восток айылына жеткирүүнү талап калышкан.
“Белгиленген жерге жеткенде жүргүнчүлөр айдоочуну коркутушуп, кур менен муунтушуп, уруп-согушуп, бычак менен коркутушуп, автоунаасын жогорудагы балдарга саткандыгы тууралуу тил кат жаздырып алышкан. Кийин айдоочунун колу-бутун байлашып, автоунааны жана айдоочунун телефонун алышып, окуя болгон жерден белгисиз тарапка из жашырып кетишкени тууралуу айдоочу 2003-жылы туулган А.К. арыз менен кайрылган”, – деп айтылат маалыматта.
Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестнрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (“Каракчылык”) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Облустук жана райондук милициянын Криминалдык милиция кызматкерлеринин ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип Бишкек шаарынан 2002-жылы туулган К.Н., Н.Н. жана 2004-жылы туулган М.М. аттуулар кармалышкан.
Кармалган жарандар убактылуу каормоочу жайына кармалышып, кийин тергөө абагына камакка алынышкан.
Ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында уурдалган автоунаа Ысык-Ата районунун аймагынан табылган. Шектүүлөр жогорудагы автоунааны ортомчу аркылуу сатууга аракет кылып жатышкан жеринен колго түшүрүлгөн. Учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылкууда.