Ахматбек Келдибеков июнь окуясы боюнча сурак берип чыкты

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ахматбек Келдибеков Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгына сурак берип чыкты. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Келдибеков 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча көрсөтмө берди.
«Июнь коогасына байланыштуу күбө катары Башкы прокуратурага сурак берип чыктым. Биз келечекте мамлекетти экиге бөлгүсү келген, канча адамдардын канына забын болгон мындай окуялар кайталанбашы керек десек, анда бул кандуу калабага кечиктирбей мыйзам чегинде баа беришибиз зарыл», — деп жазды Келдибеков.
Акматбек Келдибеков финансы министри, социалдык фонддун төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты, мамлекеттик салык кызматынын төрагасы, Жогорку Кеңештин төрагасы сыяктуу бир катар жооптуу кызматтарды аркалаган.
Баардык укуктары корголгон. oshtv.kg сайтында жайгаштырылган материалдар жеке тараптын колдонуусу үчүн гана. Сайттагы материалдарды колдонгонго, көчүргөнгө, жайгаштырганга жана жайылтууга макулдашуусуз уруксат берилбейт. Колдонулган материалдарга шилтеме сөзсүз болушу зарыл. ОшТВ телерадиокомпаниясы