Ахматбек Келдибеков акталды

 Ахматбек Келдибеков акталды

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибеков акталды. Мындай чечим үстүбүздөгү жылдын 18-августунда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кабыл алынган.

Маалыматта айтылгандай, “Кылмышка шериктеш болуу”, “Коррупция”, “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча айыпталган Келдибеков күнөөсүз деп табылып, кылмыштардын курамынын жоктугунан акталды.

Эскерте кетсек, Жогорку соттун 2021-жылы 18-августтагы токтому менен Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунун 2015-жылы 12-ноябрдагы жана Бишкек шаардык сотунун 2016-жылы 11-марттагы өкүмдөрү, андан тышкары Жогорку соттун 2016-жылы 13-октябрдагы Ахматбек Келдибековго карата токтому жокко чыгарылган.

Кылмыш иши Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотуна кайра кароого жөнөтүлгөн.

Жанылыктар