Адам өмүрүнө коркунуч туудурган жол кырсыктары

Кыргызстан жол кырсыктардын саны боюнча өлкөлөрдүн сап башында турат. Жыл сайын унаа кырсыктарынын айынан жүздөгөн адам көз жумат. Ошондой эле кырсыктан оор жаракат алып, өмүр бою кесепетин тарткандар бар. Жол транспорт кырсыктарынын себеби эмнеде жана абалды кантип жакшыртууга болот? Бул суроолорго макалада жооп тизмектедик.
Ош облусунун тургуну Замирбек Бакиров эки ирет унаа кырсыгына кабылган. Биринчисинде оор жүк ташуучу унааны башкарып баратып кырсыктаган. Кийинкисинде жүргүнчү катары чыккан жеңил унааны карама-каршы келаткан унаа сүзгөн. Удаа катталган кырсыктардын айынан алган жаракаттары азыркы күнгө чейин залакасын тийгизип келүүдө.
«Өзүм 60 жаштамын. Аварияга учурап бир канча жолу даарыланып чыктым. Бирок толук жакшы болуп кеткен жокмун. Кырсыктан колум сынып, операция жасаткамын. Врачтар акырегиме темир коюшкан. Жаракатым бүтпөй жүрүп, коюлган темирлер ошол боюнча калып калган. Анын айынан азыр оң колум кыймылга келбейт. Буттарым болсо алсыз, жакшы баса албайм»,-деди каарманыбыз.
Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын дарыгери Нурлан Маккамбаевдин айтымында, унаа кырсыктарына кабылгандар көбүнчө бут, кол сөөктөрүнөн жаракат алып, омуртка тутумдары жабыркайт. Учурда сынык-жараат бөлүмүндө мындай диагноз менен 20 бейтап дарыланууда.
Дарыгер жарандарды жолдо абайлап жүрүүгө чакырат. Жол кырсыгынан оор жаракат алгандардын ден соолугун жакшыртуу кыйын.
Ош облусунда акыркы 7 айдын ичинде 337 жол кырсыгы катталып, 575 жаран ден соолугунан ар кандай жаракат алган. Ал эми Ош шаарында 229 жол транспорт кырсыгы катталды. Административдик укук бузуулар кодексине ылайык, эреже бузган айдоочулар 1 000 сомдон 17 500 сомго чейин айып пулга жыгылат. Анткен менен унаа кырсыктарына негизинен айдоочулардын жол эрежелерин так сактабагандыгы себеп болуп келүүдө.
«Ушул жылдан тарта мас абалда унаа башкаргандарга карата чара күчөтүлгөн. Тактап айтканда, айдоочу 17 500 сом акчалай айыпка жыгылып, коомдук жумуштарга тартылат. Эгерде экинчи жолу дагы спирттик ичимдик ичип автоунаа айдаганы аныкталса анда 20 000 сом айып төлөп, айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуу маселеси каралат. Негизи эле кырсыктарды болтурбоо үчүн жалпы айдоочуларга профилактикалык түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келебиз. Мисалы, кайсыл жерде көп кырсык катталса, ошол жерге пост уюштурулуп, тынымсыз иш алып барабыз. Бирок, унаалардын катуу ылдамдыгын чектөөгө шарт жок болуп жатат. Себеби бизде ылдамдыкты көзөмөлдөөчү «радар» жок»,-деди Ош шаардык милициясынын кайгуул кызматынын жетекчиси Альберт Абдукеримов .
Кырсыктын себептери, алдын алуу чаралары
Жол кайгуул кызматынын ардагери Алымжан Чотбаев унаа кырсыктарына бир канча себептер таасирин тийгизип жатканын айтты. Анын ичинде автоунаалардын жыл санап көбөйүшү, айдоочулар менен жүргүнчүлөрдүн кайдыгерлиги көйгөй болууда. Мындан тышкары, эски, техникалык абалы начар транспорттор дагы кырсыктын келип чыгышын шарттайт.
«Мисалы Советтер Союзунда айдоочулук күбөлүктү ички иштер министрлигинин ГАИ бөлүмү берген. Ошол эле бөлүмдүн башка кызматкерлери автомектептерди тыкыр текшерип турган. Мына ушул системанын натыйжасында айдоочуларды унаа башкарууга сапаттуу даярдашчу. Быйыл айдоочулук күбөлүктү берген мекеме ички иштер министрлигинин карамагына өттү деп айтылбады беле. Эми автомектептердин иши көзөмөлдөнүп, абалды жакшыртыш керек»,-деди Чотбаев.
Саясат таануучу Нурканбек Патиевдин айтымында, Кыргызстанда жол эрежелери боюнча мыйзамды бекемдөө зарыл. Көп унаа кырсыктарына айдоочулардын кайдыгер мамилеси себеп делгени менен алар бул жоопкерчиликти сезбей жатышат. Ошондуктан акчалай айыптын көлөмүн жогорулатып, тартипке келтирүү керектиги сунушталууда.
«Унаа кырсыктары биздин өлкөдө чоң көйгөй болуп келет. Кырсыктын айынан канчалаган адамдар оор жаракат алып, кесепетин тартып жатышат. Ошол эле учурда ири материалдык чыгымдарга дуушар болгондор көп. Андыктан адамдардын жолдо жүрүү боюнча аң-сезим, маданиятын өстүрүү маанилүү. Бизде бул нерсеге мыйзам аркылуу жетишсек болот. Мисалы, айрым өнүккөн өлкөлөрдө мас абалда унаа башкаргандар өтө көп өлчөмдө айып пул төлөп, кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Муну билген жарандар унаа башкарууга жоопкерчилик менен мамиле жасашат»,-деди Нурканбек Патиев.
Кырсыкты азайтууга багытталган долбоор
Ош облусу менен Ош шаарында «Коопсуз шаар» долбоору ишке кирсе жол кырсыктарынын алды алынат деп күтүлүүдө. Учурда калаадагы 35 жол кесилишинде видео байкоочу камераларды коюу иштери аткарылып жатат. Ал эми облус аймагында эл аралык маанидеги жана унаа кыймылы көп 34 жерге камералар орнотулду. Долбоор ишке кирсе ар бир жол эрежесин бузуу фактысы фото жана видеого тартылат.
«Коопсуз шаар» долбоору алгачкылардан болуп 2019-жылы Бишкек шаарында ишке кирген. Андан бери 3,2 миллион жол эрежесин бузуу фактысы катталганы айтылды. Камералардын жардамы менен борбор калаада жол транспорт кырсыктары 25 пайызга кыскарган.
Балдар мектеп жашынан жол кыймылынын эрежелерин үйрөнүп жатышат
Окуучулар мектеп жашынан тарта жол эрежелерин өздөштүрүп жатышат. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат катчысы Тилек Исаевдин билдиришинче, бул жаатта 1-класстан баштап 14 жашка чейинки балдарга атайын сабактар өтөт. Анда балдар жолдо жүрүү коопсуздугу боюнча маалымат алышып, эрежелерди аткарууну өздөштүрүшөт.
«Өз кезегинде жөө жүргүнчүлөр дагы унаа кырсыктарынын келип чыгышын шарттайт. Айрыкча балдар жолдо жүрүү эрежелерин билбей айдоочуларды жүдөтөт. Бул болсо жөө жүргүнчү, айдоочуга дагы кооптуу. Бир чети балдар үйдөн мектепке келип кеткенде ата-энелер дагы кантти экен деп тынсызданат. Ошондуктан мектептерде жол коопсуздугу боюнча ачык сааттар уюштурулуп келет. Андан ары «Жол кыймылынын жаш инспектору» аттуу сынактары уюштурулуп балдардын билими андан ары өнүктүрүлүп турат»,- деди Тилек Исаев.
Жол кырсыктары аз катталган өлкөлөрдүн тажрыйбалары
Швеция жыл сайын жол кыймылынын коопсуздугу сакталган 5 өлкөнүн катарына кирет. Бул мамлекетте негизинен үч тилкелүү жолдор курулган. Жолдор бири-биринен кабелдик тосмолор менен бөлүнүп, унаалардын кагылышуусунун алдын алат. Ошондой эле бул өлкөдө видеокамералар активдүү колдонулат. Камералар аркылуу биринчи кезекте айдоочуларга ылдамдыкты чектөө жөнүндө маалымат берилип, жолдун кооптуу участокторун кабарлайт.
Ал эми Норвегия жол кырсыгы эң аз катталган мамлекеттердин катарында. Ошого жараша айдоочулар жолдо өтө жоопкерчилик менен жүрүп, ылдамдыкты чектөө белгилерин сөзсүз аткарышат. Милициялар жол коопсуздугун такай көзөмөлдөбөсө дагы адамдар жол эрежесине кайдыгер мамиле жасабайт. Мындан тышкары, жөө өтмөктөн жүргүнчүлөрдү өткөрбөй койгон айдоочулар шылдың мамилеге кабылып, 500 АКШ доллары өлчөмүндө айып пулга жыгылат.
Ошондой эле Евробиримдиктин бардык өлкөлөрүндө айдоочулар унаа айдап баратканда смартфон колдонгону үчүн айыпка жыгылат. Нидерландияда велосипед тепкендер дагы жолдо гаджеттерге алаксып калса акчалай жазаны төлөшөт.
Белгилей кетсек, талдоочулар Кыргызстанда унаа кырсыктарына жолдордун начардыгы да себеп болуп жаткандыгын айтып келишет. Статистика боюнча өлкөдөгү жолдордун 15 пайызы гана талапка жооп берип, 85 пайызы өтө начар абалда. Жаман жолдордун негизгисин эл аралык маанидеги жана унаа кыймылы көп катталган тилкелер түзөт. Ошол эле учурда автоунаалардын саны дагы жыл санап өсүүдө.
“Бул материал АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жана FHI360 уюму өнөктөштүктө, Кыргызстандагы Интерньюстун өкүлчүлүгүнүн Медиа-К аталган долбоорунун колдоосу менен ишке ашырылды. Материалда айтылган пикирлер Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн көз карашына дал келбеши да мүмкүн.
Материалдын автору Нуржамал Баргыбаева