ОшТВ телерадиокомпания тууралуу маалымат

ОшТВ телерадиокомпаниясы 1991-жылдан бери ободо. Өлкөдөгү биринчи жеке телеканал (2014-жылдан – мамлекеттик).

Учурда телекомпания мамлекеттик менчигинде жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду тарабынан башкарылат.

«ОшТВ» телекомпаниясы 1991-жылы март айында СССРдин тушунда «Басма сөз жана башка жөнүндө» мыйзамынын негизинде Ош шаардык кеңешинде массалык маалымат каражаттары чакан ишкана катары катталган. Анын өндүрүштүк программалары 1991-жылдын 5-майында эфирге чыккан. Адегенде телеканал Кыргызстандын Мамлекеттик Биринчи каналынын жыштыгында күндүзгү техникалык тыныгууда (9дан 18ге чейин) лизингдик обо убактысын көрсөтүп турган.

СССР тарагандан кийин жана 1993-жылы Кыргыз Республикасынын «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» мыйзамы жарыялангандан кийин ОшТВ телекомпаниясы Юстиция министрлигинен 1993-жылдын 7-апрелинде № 055 ЖМКны каттоо күбөлүгүн алган. 1995-жылдын январь айынан баштап ОшТВ каналы Кыргызстандын Мамлекеттик байланыш инспекциясынын (1997-жылдан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги) жыштыктык уруксатына ылайык өзүнүн каналында көрсөтүүнү баштап, көлөмүн суткасына 20 саатка чейин берүү көбөйткөн. Берүү кыргыз, өзбек жана орус тилдеринде жүргүзүлгөн.

1998-жылдын 22-августунда мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык канал «ОшТВ» телерадиокомпаниясы ЖЧКсы болуп, 2001-жылдын 25-июлунда Кыргызстандын Юстиция министрлигинде жалпыга маалымдоо каражаты катары кайра каттоодон өткөн.

«Маркетинг-Инфо» компаниясынын (2004-2005-2006-2007-2008-2009) медиа изилдөөлөрүнүн бардык убактысы үчүн «ОшТВ» телерадиокомпаниясы «Түштүк борборду тандоо» акциясынын «Мыкты жергиликтүү телевидение» номинациясында ири айырма менен биринчи орунду ээлеп келет.

Жыл сайын 5-майда телеканалдын туулган күнүнө карата Ош шаарынын 30 миңден ашуун тургундары жана коноктору катышкан майрамдык иш-чара өткөрүлүп келет.

  Телеканал өзүнүн жеке мазмунун төмөнкү форматта даярдайт:

§  Күнүмдүк жаңылыктар (күнүнө 4 жолу);

§  Социалдык жана аналитикалык программалар;

§  Ток-шоу;

§  Түз берүүлөр;

§  Журналисттик иликтөөлөр;

§  Бизнес программалар

 Телеканалдын негизги максаты – түрдүү медиаплатформаларда маалымат берүүнүн инновациялык ыкмаларын колдонуу менен коомчулукту көз карандысыз, бейтарап маалымат менен камсыздоо.

Биздин миссия: коомдун бардык өкүлдөрүн сапаттуу, бейтарап маалымат менен камсыздоо аркылуу тынчтыкты, биримдикти, конструктивдүү диалогду бекемдөө.

Биздин баалуулуктар: инновация, эркиндик, бейтараптуулук, ачык-айкындык, сапат.

Мындан сырткары “ОшТВ каналы социалдык тармактарда жана YouTube каналы аркылуу маалымат таратат.

Мындан сырткары oshtv.kg сайты иш алып барат. Сайбыз 2016-жылы негизделген. Кеңейтилген материалдарды, жаңылыктарды, жана башка тексттик жана видео материалдар менен кошо жайгаштырабыз. Учурда биздин сайтка күнүнө орто эсеп менен 2 миңден 10 миңге чейин колдонуучу кирет.