Абдылда Капаровду милиция кармап, түшүндүрүү иштеринен кийин коё берди

 Абдылда Капаровду милиция кармап, түшүндүрүү иштеринен кийин коё берди

Ат минип Орусиянын президенти Владимир Путинди колдоо акциясына чыккан Абдылда Капаровду милиция кармап, түшүндүрүү иштеринен кийин коё берди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдирди. 

” Абдылда Капаров милициянын кайгуул кызматы тарабынан кармалып, Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген. Милиция кызматкерлери тарабынан ага  карата түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн соң үйүнө коё берилди”,- деп билдирди ИИМден.

Буга чейин социалдык тармактарда Ош облустук ички иштер башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Абдылда Капаров Орусиянын президенти Владимир Путинди колдоп, өкмөт үйүнүн алдына чыкан. Бул тууралуу видео социалдык тармактарда талкууга алынган.

 

Жанылыктар