Абал курчуду. Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы кырдаал

 Абал курчуду. Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы кырдаал

Бүгүн, 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кырдаал кайра курчуду. Бул тууралуу Кыргызстандын чек ара кызматынан билдиришти. 

Билдирүүгө ылайык: «Саат 06:00дө тажик тарап  чек ара кызматынын чек ара отряддарын жана Эки-Таш, Чыр-Дөбө жана Кум-Кум-Таш аймактарында кыргыз тараптын позицияларын аткылоого киришти. Куралчан топтор Мазар жана Ортобоз участкаларын да аткылоодо.

Саат 06:30да тажик тарап Баткен чек ара отрядынын Көк-Таш чек ара заставасын миномёттор менен аткылай баштады.

Саат 08:25ке карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал чыңалуу бойдон сакталып тургандыгы кабарланды. Тажик тарап Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду, Максат жана Жаңы-Жер аймактарын аткылай баштады.

Чек ара кызматы мурда жетишилген бардык макулдашууларды бузуу менен тажик тарап чыккынчылык менен кол салганын билдирди.

Кыргызстандын күч түзүмдөрү тажик тарапты ок атышууну токтотууга жана куралдуу кагылыштарды деэскалациялоого жана биргелешип кайтарылган чек арада тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого бардык күч-аракетин жумшоого чакырат.

Жанылыктар