А. Жапаров: “Оң рулдуу унааларга уруксат берсек, Орусияда, Казакстанда тыюу салынган унаалар бизге келип баштайт”

 А. Жапаров: “Оң рулдуу унааларга уруксат берсек, Орусияда, Казакстанда тыюу салынган унаалар бизге келип баштайт”

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанда оң рулдуу унааларды каттоого тыюу салууга  көз карашы түз эместигин билдирди.

«Биз Түркиянын салыктары боюнча тажрыйбасын көрөлү деп ойлонуп жатабыз. Ал жерде 2 литрден ашык кубу бар унаадан 10 миң доллар төлөнөт. Өзүңдү көрсөткүң келсе, 10 миң доллар төлөшүң керек. Оң рулдуу унааларга уруксат берсек, Орусияда, Казакстанда, Белорусияда тыюу салынган унаалар бул жакка келип баштайт», — деди ал.

Министрлер кабинетинин төрагасы  алгач электромобилдер боюнча программаны аягына чыгарууну сунуштады.

«Учурда биз транспортту электрге өткөрүү боюнча программа жүргүзүп жатабыз. Кытай жана Корея менен эскирген унааларды алмаштыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө», — дейт Жапаров.

Жанылыктар