А. Жапаров ИИМде админресурска бөгөт коюу негизги тапшырмалардын бири экенин белгиледи

 А. Жапаров ИИМде админресурска бөгөт коюу негизги тапшырмалардын бири экенин белгиледи

Министрлер кабинетинин төрагасы  Акылбек Жапаров Ички иштер министрлигине барып шайлоо процесси учурундагы ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн байкоого алды. Ал ыкчам кырдаалдарга байкоо жүргүзүү жана ага жараша чечимдерди кабыл алуу кырдаалдык борбордун приоритеттүү багыттары жана министрликтин басма сөз кызматынын ишмердүүлүгү менен менен таанышты.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Акылбек Жапаровго жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын комплекстүү багыттары менен тааныштырды.

Жапаров ИИМдин кырдаалдык борборунун мүмкүнчүлүктөрүнүн негизинде түз байланышка чыгуу менен борборубузда жана региондордо шайлоо өнөктүгү кандай жүрүп жаткандыгын байкоого алып, облустардагы мамлекеттик администрациялардын шайлоо боюнча ишмердигине да көз салып, шайлоо процессинин учурунда шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын уюштурууну, ошондой эле административдик ресурсту пайдаланууга бөгөт коюу негизги тапшырмалардын бири экенин белгиледи.

Ошондой эле, ал ИИМдин кызматкерлерине шайлоонун жүрүшүндө коомдук тартиптин бекем сакталышы боюнча кошумча тапшырмаларды берди.

 

Жанылыктар