А. Сегизбаев эки видеосу тууралуу сурак берип чыкты

 А. Сегизбаев эки видеосу тууралуу сурак берип чыкты

Ички иштер министрлиги Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев 14-августта сурак бергенин ырастады. Анда “Сегизбаев Жетим-Тоо кени тууралуу айткан видеосу мындан эки жыл мурда, президенттик шайлоого талапкер катары катышып жаткан маалда тартылганын айтты. Андан бери социалдык тармактарга кандайдыр бир билдирүү, маалымат жарыялабаганын билдирди. Учурда тергөөгө тиешелүү бардык аракеттер көрүлүп жатат”,-деп айтылат маалыматта.

Мунун алдында, социалдык тармактарда Сегизбаевдин Жетим-Тоо кенин иштетүүгө каршы айткандары тартылган видео тараган.

14-августта президент Садыр Жапаров бул кенге байланыштуу кайрылуу жасап, Жетим-Тоону иштетүүгө азыр өлкөнүн даярдыгы жоктугун айткан жана укук коргоо органдарына жалган маалымат тараткандарга чара көрүүнү тапшырган.

Жанылыктар