Тойдон кийин атышуу болуп 2 адам ооруканага түштү

0
177

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Орок айылында  тойдон кийин ок атылып, эки адам жабыркады. Бул тууралуу аталган облустун ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 29-сентябрда болгон. Орок айылынын тургундары  Жал айылынан баргандар менен мушташа кетишкен.

Милицияга  ооруканага октон жаракат алган  эки эркек киши  тууралуу маалымат келип түшкөн. Ички иштер кызматкерлери сураштырганда алар Ороктогу окуядан жабыркагандар экени аныкталды.

Ок кайсы куралдан атылганы азырынча так аныктала элек. Факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү башталды.

Булак: fakt.kg