Өзбекстанда жалпы 4440 адам коронавирус жуктурду

0
258

8-июнда саат 23:00гө карата Өзбекстанда коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны 4440 (+36) адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, жаңы учурлардын баары Ташкентте катталды. Учурда эпидемиологиялык иликтөө жүрүп жатат.

«Бүгүнкү күндө өлкөдө коронавирус аныкталган 3357 адам, тактап айтканда бейтаптардын 76 пайызы айыкты», — деп айтылат маалыматта.

Булак: barakelde.org