Бишкекте күзөтчүнүн кабинасын сүзүп, кызматкерге кол көтөргөн айдоочу 2 айга камакка алынды

0
261

Бишкекте жол тандабас унаасы менен күзөтчүнүн кабинасын сүзүп, андан соң кызматкерге кол көтөргөн айдоочу 2 айга камакка алынды. Анын баш коргоо чарасын Биринчи Май райондук соту карап чечим чыгарганын Бишкек шаардык милициясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Биринчи Май РИИБи айдоочуга «бейбаштык» беренеси менен иш козгогон.

Ал эми Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кармалган айдоочу 30 жашта экенин, анын унаасынан тапанча огу менен жана бычак табылганын кошумчалаган.

Айдоочу 6-июнда Токмоктогу посттон кызматкерлер тоскондо токтобой кеткен. Анын артынан кууп барып, Кеминден кармашкан.

Булак:super.kg