Ата тууралуу аруу баян

0
347

Атаны көрбөй калган кайгы эмес, атаны айтпай койгон – ошол жаман.

Жаман ата болбойт, жаман мамиле гана болот.

Атасыздык мени көп адаштырды, бирок, жолдон чыгарган жок…

Мени атам тарбиялаган жок, бирок, мен атамдын сапаттары менен тарбияландым…

Мен көпчүлүк балдарга караганда кудайды эрте тааныдым. Анткени, эс киргенден бери апам атама куран окутчу. Анан да мен ичимен: “Биз үйдөбүз, атам болсо кудайдын үйүндө”, –  деп билчүмүн.

“Атаны айтам деген уулдарга айтаарым – атаңды көргөндөрдүн өмүрү корой электе аларды көздөй жолго чык…

Мен Атанын колдоосун жөн гана, бир ирет эле татып көргүм келет…

Мен так билем, сен көп жашасаң апам да узак жашайт эле…

“Армандын чоң, же кичинеси болобу?” дешет. “Айыкчу, анан айыкпачу арман болот” дээр элем…

Аталуу менен атасыздын айырмасы биринин атасы бар, а бириники өлгөнүндө эмес, ал – атага деген жүрөгүндө жана ниетинде.

Менин бу дүйнөдөгү эң жакшы көргөн, сыйкырдуу сөзүм бул: “Сен кимдин баласысың?” –  деген сөз болду.

Менин жашоомдун ичинде дагы башка экинчи жашоом болду. Ал –  атаны элестетүү…

Алыстык же жакындык бул чакырым менен ченелбейт экен, алыстык менен жакындык алар – бири жүрөгүңдүн эң муздак жеринде, экинчиси жүрөгүңдүн эң ысык жеринде болот экен…

Булак: Жеңишбек Адигеевдин “Көк дептер” китебинен үзүндү.