Кочкордогу «Сары-Чат» постунда көзөмөл күчөтүлүүдө

0
220

Кочкор районундагы «Сары-Чат» санитардык-карантиндик постунун иши токтотулбайт. Бул тууралуу аймактык кабарчыга анда иштегендер билдирди.

Алардын маалыматына караганда, бир күндө посттон 500дөн 1000 чейин жүргүнчүлөр, автоунаалар текшерилип өтүүдө.

«Нарын облусунда эпидемиологиялык кырдаал курчуп кеткендигине байланыштуу Кочкор районундагы «Сары-Чат» санитардык-карантиндик постунун иши уланууда. Бул республикалык маанидеги пост болгондуктан кирип чыккандарга көзөмөл күчөтүлүүдө. Бир күндө постон 500дөн 1000 чейин жүргүнчүлөр, автоунаалар текшерилип өтүүдө. Кээ бир учурларда мындан да көп болгон учурлар кездешет», — деп билдиришти алар.

Күн-түн иштеген кызматкерлер Кочкор райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан тамак-аш менен камсыз кылынып турат.

«Сары-Чат» постунан райондун аймагына кирип жаткандардан кан алынып, кан басымы, ден табы текшерилип, атайын тесттен өткөрүлөт. Мындан тышкары жүргүнчүлөр, автоунаалар дезинфекциялоочу туннель аркылуу өткөрүлүп, дезинфекцияланат.

Булак: turmush.kg