Нью-Йоркто дүйнөдөгү эң кары чачтарач көз жумду

0
297

Энтони Манчинелли 108 жашында каза болду. Чачтарачтын ысымы Гиннес рекорддор китебине дүйнөдөгү эң кары чачтарач катары киргизилген. 26-сентябрь күнү анын абалы оорлошуп, ооруканага жеткирилген. Манчинелли Италияда төрөлүп, кийин АКШга көчүп келген. Ал 40 жыл бою өзүнүн сулуулук салонунда иштеген. Анын кардарлары көп өтө болгон. Манчинеллинин эмгегин, чеберчилигин көрүүгө американын эле эмес башка өлкөнүн дагы жарандары келип турган.