Өзгөндө өспүрүмдү сүзүп, качып кеткен айдоочу 2 сааттан кийин кармалды

0
56

Өзгөн районунун Куршаб айылында 12 жаштагы баланы унаасы менен сүзгөн айдоочу качып кеткен. Бул маалыматты Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тастыктады.

20-май күнү саат 22:00 чамасындагы кырсыктан жаракат алган өспүрүм Куршаб аймактык ооруканасына жеткирилген. Аталган кырсык боюнча Өзгөн районунда «Курчоо» иш мерчеми киргизилип, качып кеткен айдоочуну окуядан 2 саат өткөндөн кийин Өзгөн райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн кызматкерлери кармашкан.

Айдоочу Өзгөн районунун 1948-жылы туулган А.Т. экени аныкталды. Ал өзүнүн «Хонда Жаз» үлгүсүндөгү унаасы менен Куршаб айылында түндүктөн түштүктү көздөй бара жатып, ошол эле айылдын тургуну — 2008-жылы туулган баланы сүзүп кеткени белгилүү болду.

Окуя Өзгөн РИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, унаа убактылуу айып короого токтотулду жана тийиштүү экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө.

Булак: turmush.kg