Оштун прокурору эскерүү иш-чарасында калпак кийгени үчүн сөгүш алды

0
103

Ош шаарынын прокурору Кубат Абдраимовго Башкы прокуратура тарабынан сөгүш берилди.

Маалыматка караганда, 9-май күнү Ош шаарындагы Жеңиш майрамына арналган митинг-реквиемде Ош шаарынын прокурору Кубат Абдраимов прокуратура кызматкеринин баш кийимин эмес, калпак кийип алган. Мындан улам Башкы прокуратура Кубат Абдраимовго сөгүш берген.

Кубат Абдраимов өзү бул маалымат тууралуу кабары жок экенин айтты.

«Байкабай калыптырмын. Ошол күнү суук болуп жатпады беле. Сыртымдан калың кийинип алгам. Барсам, салтанат башталып калыптыр. Ошол бойдон иш-чарага катышкам», — деди К.Адраимов.

Булак: turmush.kg