Ош облусунун аймагында залалсыздандыруу иштери үзгүлтүксүз уланууда

0
43

Ош облусунун аймагында залалсыздандыруу иштери үзгүлтүксүз уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын райондук бөлүмдөр тарабынан, бүгүнкү күндөгү коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында, 2020-жылдын 22-май күнү залалсыздандыруу иш-чаралары улантылууда.

Учурда Алай, Чон-Алай, Кара-Суу, Ноокат, Кара-Кулжа жана Араван райондук Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тарабынан колдо чачуучу каражаттар жана өрт өчүрүүчү автоунаалар менен, райондордогу айыл аймактарда жана борбордук унаа жолдордо, анда жайгашкан банк, дарыкана, мекеме ишканаларда жана кичи базарларда залалсыздандыруу иштери менен бирге үн чыгаруучу аппараттын жардамы менен илдетке каршы түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Булак: kabar.kg