Лейлек районунда 4 айылда сел жүрдү

0
135

Кечээ, 14-майда саат 19:15 чамасында Лейлек районунда жааган жамгырдын кесепетинен бир топ айылдар сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, Ак-Суу айыл аймагынын Жар-Кыштак, Жеңиш, Алга айылдарында арыктан суу ашып 5,5 гектар аянтка эгилген шалыны суу каптап, 1 чакырым унаа жолду шагылга толтурган. Үйлөргө зыян келтирилген жок. Маргун айылында 2 чакырым унаа жолдун жана 1 чакырым арыктардын кээ бир жерлерин шагылга толуп калган.

Исфана–Көк-Таш унаа жолунун 12-27-чакырым аралыгынын жана Исфана–Ак-Суу унаа жолунун 8-27-чакырым аралыгынын кээ бир жерлерин сел суулары бузуп кетти. Сел жүргөн жерлерге жайыт комитетинен 1 жүктөгүч, №13 ЖТИден 4 жүктөгүч тартылып, калыбына келтирүү иш-чаралары жүргүзүлдү. Бул жумуштар бүгүн да улантылат.

Булак: turmush.kg