Бүгүн Кыргызстанда жер титиреди

0
196

4-майда саат 12:13тө Ош облусунун аймагында очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы Сейсмология институтуна шилтеме берүү менен билдирди.

Жер титирөө Өзгөн районунун Кыргызстан, Ничке-Сай, Чангет, Калта айылдарында 2 баллга чейин сезилген.

«Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок», — деп айтылат маалыматта.