Тажикстанда 14 медицина кызматкери карантинге алынды

0
43

Хатлон облусунун Куляб шаарында инфекциялык оорукананын 14 дарыгери карантинге алынды. Медициналык кызматкерлер чет өлкөдөн келип 14 күнгө карантинде жаткан 60тан ашык эмгек мигрантын карашкан. Карантин бүткөн соң мигранттар менен кошо медиктер да үйлөрүнө жөнөтүлгөн. Бирок эки күндөн кийин ак халатчандар кайра карантинге алынды. Оорукананын башкы дарыгери Абдукарим Шокиров 14 кызматкердин экөө пневмонияга чалдыкканын билдирди.

Тажикстанда коронавирусту тестирлөө Саламаттык сактоо министрлигинин лабораториясында гана жүргүзүлөт жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун талаптарына жооп берет. Бүгүнкү күнгө чейин 4100 тест жүргүзүлгөн, алардын ичинен 800дөйү кайрадан текшерүүдөн өткөн. Тажикстанга жалпысынан Орусия, Кытай, Германиядан 46 900 тест келген.

Расмий түрдө Тажикстанда коронавирус жуктурган бир да учур каттала элек. Бийлик акыркы айда кайтыш болгон адамдар коронавирустан эмес, башка оорулардан көз жумганын түшүндүрүп жатат.

Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги элди дүрбөлөңгө түшпөөгө, ар кандай ушактарга ишенбөөгө чакырууда.

Булак:azattyk.org