Эмнеге үй бүлөлөр урушат, ажырашат, ынтымагы жок?

0
283

Себеби, көптөгөн үй бүлөлөрдүн бирге максаты, бирге кыялы, бирге планы жок. Мисалы: Үй бүлөдө күйөөсүнүн өз планы, максаты, кыялы жана маселеси менен жашайт. Аялы да ошол, баласы да ошол. Ар биринде ар башка. Бирге чечимге келүү, бирге чечим чыгаруу деген жок. Көп үй бүлөдө «барып кел, алып кел, тур, чай ич» ж.б сөздөр менен кана чектелет. Коммуникация (байланыш) нөл! А байланыш жок — адам адамды түшүнүү жок. (Бул тууралуу шашпай жазайын эми). Келгиле, бирге максат кое алган, бирге кыялдана алган, бирге келечекти пландай алган, бирге күчтүү команда боло алган адам менен турмуш курабыз?
Маалымат Улан Үсөйүндүн фейзбук баракчасынан алынды.