Москвада дайынсыз жоголгон мигрант асынып алганбы?

0
262

online Онлайн эфир

Москвада дайынсыз катары изделип жаткан Кыргызстандын жараны өз жанын кыйганы белгилүү болду. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Июнь айынын башында ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө Кыргызстандык жаран кайрылып, дайынсыз тууганын табууга жардам сураган. Акыркы жолу ал 2018-жылдын апрелинде байланышка чыккан эле.

Дайынсыз болуп жаткан жигит Москвага туугандары менен чогуу 2017-жылы келген. Акыркы жолу аны «Щелковская» метросу тараптан көрүшкөн. Туугандары өз алдынча издеген менен, жыйынтык болгон жок.

Кыргызстан менен Орусиянын укук коргоо органдары чогуу иштеп бул жагдайларды аныкташкан:

2018-жылдын 12-апрелинде Измайлово эс алуу багында азиат түспөлүндөгү жаш жигиттин сөөгү табылган. Эч кандай зомбулук издери болбогондуктан, киши колдуу болушу мүмкүн деген версиялар каралган эмес. Жигит асынып алган. Ал дайынсыз деп туугандары тарабынан изделип жаткан кыргызстандык О.Б. болуп чыкты.

Сөөк таанылбай, эч ким сурабаганы үчүн 2018-жылдын июнь айында маркумду мамлекет эсебинен жерге беришкен. Ушул тапта туугандары сөөктү эксгумациялоо жана мекенине алып кетүү үчун документтерди даярдап жатат.

Булак: Жебе Медиа