Бишкекте милицияга баш ийбей камалган кыз үй камагына чыгарылды

0
181

Бишкекте милицияга баш ийбегени үчүн тергөө абагына камалган 23 жаштагы кыз үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу борбор калаанын комендатурасынын маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, милиционерлер 11-апрель күнү саат 17:30да «Орто-Сай» базарынын аймагындагы Юнусалиев менен Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинен медициналык бет кап кийбей кетип бараткан кызга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн токтотушкан. Бирок кыз баш ийбей, сөгүнүп-сагынып жооп кайтарган. Ошондой эле милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, күч колдонгон.

Факт Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси («Бейбаштык») боюнча каттоого алынган. Алгач кызды Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизишкен. Кийин Октябрь райондук сотунун чечими менен №1 тергөө абагына 15 суткага камалган.

Булак: sputnik.kg