Малахов кыргыз элинен кечирим сурашы керек!

0
484

online Онлайн эфир

“Россия 1” телеканалындагы “Прямой эфир” берүүсүнүн алып баруучусу Андрей Малахов  24-сентябрдагы эфиринде  авто кырсыктан каза тапкан миллиардер Маруговдун уулунун өлүмү тууралуу эфир алып барып жатып, кырсыка айыпталып жаткан кыргыз жаранын катуу сындаган.

Анда “Бул кырсык атайын уюштурулган болушу да мүмкүн деген пикир айтылат жана алып баруучу Малахов  “-Атайын буйрутма болушу мүмкүн. Аткени акча табуу үчүн алыскы  Кыргызстандан келген “с ..к”  100 миң доллар үчүн баардык ишке барат. Анткени айлык акысы 10 доллар болгон жерде бул сумма  өзүн эле эмес, тууган-уругун, жада калса бүтүндөй айылын ыраазы кылып, бир канча жыл багат“-деген пикирин кошумчалаган.

Кыргыз автивисттери Малаховдун эфирдеги сөзү кырсыка шектелип жаткан баланы эле эмес, бүтүндөй Кыргызстанды чектен ашык мазактоо деп баалашкан.  Алар социалдык баракчалар жана ММК аркылуу  Малаховго нааразычылыгын билдирип, кыргыз элинен кечирим сурашын талап кылышууда.

Мамлекеттин беделине сөз тийгизди дегендердин катарында  Жогорку Кеңештин депутаттары Элвира Суравалдиева жана Кожобек Рыспаев   да бар.  Депутаттар өкмөт бул окуяга кайдыгер карабай, реакция көрсөтсө деген сунушун билдиришти.

Кырсык Москва шаарынын чоң трассаларынын биринде орун алган.  Мотоцикл менен катуу ылдамдыкта келе жаткан маркум Александр Маругов  туурадан бурулган таксини сүзүп, каза болгон.  Таксист 23 жаштагы кыргыз жараны Исламбек Акбаров, Москва шарына жумуш издеп барган.

Такси айдоого чейин сантехник болуп иштеген. Кесиби боюнча авто ширетүүчү.

Малаховдун “Прямой эфир” телеберүүсүнө Москвадагы кыргыз элчилиги жана Ислам Акбаровдун жактоочусу да барган.