28-сентябрь “Алай” менен “Дордой” биринчилик үчүн беттешет

0
351

28-сентябрда Кыргызстандын Премьер-Лигасынын 23-турунун алкагында Ош шаарынын “Алай” командасы  Бишкектин “Дордой” командасы менен беттешет.

Оюн А.Суюмбаев атындагы борбордук стадиондо саат 16:00дө башталат. “Алай” командасы акыркы оюнда Кара-Балтанын командасы менен ойноп, 2:0 эсебинде жеңишке жеткен. “Дордой” командасы болсо өз үйүндө “Лидер” командасын 0:8 эсебинде уткан. Ал эми, “Алай” менен “Дордой” командалары 21-турдун алкагында Бишкекте оюн өткөрүп 0:0 эсебинде тең чыккан.

Учурда мелдештин жадыбалында 50 упай менен «Алай» командасы биринчи орунда келе жатат. Ал эми «Дордой» командасы 45 упай менен экинчи орунда.

Алдыда футбол күйөрмандарын интригага бай болгон эң маанилүү оюн күтөт. Анткени мелдештин жыйынтыгы менен өлкө чемпиондугу аныкталат.