Мигранттар эми 500 доллардан артык сумма которо алышпайт

0
255

Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат  Сагындык Келдибаев айтып чыкты.

Россия акча которуулар боюнча мыйзамына бир катар өзгөртүүлөрдү киргизип, анын ичинде мигранттар башка мамлекетке  которгон каражатттын суммасын  500 доллар, өзү менен алып өтсө 300 доллардан ашпоосу керек деп чектөө коюшкан.

Өз кезегинде мигранттардан жылына миллиарддаган сумманы кабыл кылган Кыргызстанга бул терс таасирин берет.

«Эмгек мигранттары чет өлкөлөрдө иштегени менен, Кыргызстандын өнүгүшүнө чоӊ салым кошуп жатышат. Алар жыл сайын бир жарым миллиард доллардан ашуун каражат которуп келет. Бул өлкөнүн экономикасынын өнүгүшү жана калк турмушунун жакшыруусу үчүн зор салым. Ошондуктан, чет өлкөлөрдө иштеп жана жашап жаткан мекендештерибизге мигрант катары эмес, инвестор катары мамиле жасашыбыз керек» деди депутат Сагындык Келдибаев.

Ошондой эле Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгондуктан, мындай чектөөлөрдүн коюлганы туура эмес. Өкмөт тезинен ушул маселе боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мындай көйгөйдү чечиши керек экендигин эскертти.

Булак: saat.kg  басылмасы