Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү курал менен кармалды

0
218

Ысык-Көлдө курал-жарактарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактаган деп мурда соттолгон 3 киши кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Билдирүүдө айтылгандай, шектүүлөрдүн үйүн тинтүүгө алган учурда бычак, колдо жасалган тапанча, ар кандай калибрдеги куралдардын он тогуз огу табылган.

«Шектүүлөрдүн экөө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган. Үчүнчүсү пенсия курагындагы эркек киши, ал да мурда уурулукка шектелип соттолгон. Табылган курал боюнча баллистикалык экспертиза дайындалды», -деп айтылат маалыматта.

Бул факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Шектүүлөр убактылуу кармоо жайына киргизилген.