Ош шаарына инфекциялык көзөмөлдүн адистери жөнөтүлдү

0
250

Ош облусундагы медкызматкерлердин топ-тобу менен ооруну жуктуруп алуу учурларын иликтөө үчүн Ош шаарына инфекциялык көзөмөлдүн адистери жөнөп кетти.

Медкызматкердин вирусту жуктуруунун ар бир учуру боюнча териштирүү жүрүп, тийиштүү баа берилет.

9-апрелге карата өлкө боюнча саламаттык сактоонун 34 кызматкери коронавируска чалдыккан, алардын катарында дарыгерлер жана медайымдар, инфекционисттер жана лаборанттар, эпидемиологдор, ашкананын жумушчулары жана кир жуугучтар бар.

Саламаттык сактоо  министри Сабиржан Абдикаримовдун  айтымында, медицина кызматкерлеринин ооруну жуктуруп алуу маселеси өтө аянычтуу жана өкүнүчтүү. Кесиптештерди дүрбөлөӊгө түшпөй, дарыгерлердин бардык сунуштамаларын так сактоого чакырам. Эртерээк сакайып кетүүгө көмөктөшүү үчүн  бардык күч-аракет жумшала тургандыгын  министр  билдирди.