Ош эскирген жана ката жазылган жарнактардан тазаланууда

0
421

Бүгүн Манас-Ата аймагындагы мамлекеттик тилде ката жазылган жана эскирген көрнөк-жарнактар тазаланууда. Ош шаардык мэриясынын алдындагы көрнөк жана дизайн бөлүмү менен тил комиссиясынын мүчөлөрү биргеликте учурда рейддик кыдыруу жүргүзүүдө.

Эскерте кетсек ишкерлерге 3 күн алдын эскертүү берилген. Талапты аткарбаган ишкерлердин жарнамалары бүгүн алынып салынууда.

Көрнөк жарнактар (баннер, промоутер, ж.б.) эң оболу кыргыз-тилинде жазылышы керек.