Коменданттык саат учурунда тартип бузган 94 киши кармалып, 22 автоунаа токтотулду

0
28

Коменданттык сааттын шартын бузган 94 жаран кармалып, 22 автоунаа токтотулду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен Бишкек шаары боюнча — 80, Ош шаары боюнча — 5, Жалал-Абад шаары — 3, Сузак районунда — 1, Кара-Суу районунда — 5 жаран кармалып, ички иштер бөлүмдөрүнө жеткирилди. Ал эми Ноокат районунда коменданттык сааттын талаптарын бузгандар катталган жок.

«Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 2038 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу тарабынан кармалды. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен кое берилген», — деп айтылат маалыматта.