Түркияда коронавирус жуктургандар 6 миңге чукулдап, авиакаттам токтоду

0
364

Түрк лидери Режеп Тайип Эрдоган коронавирус пандемиясына байланыштуу өлкө чет мамлекеттер менен авиакаттамдарын токтотконун билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Түркиянын саламаттык сактоо министри Фахреттин Коджанын билдиришинче, жума күндөгү маалымат боюнча өлкөдө бир суткада вирус жуктургандар 2000ден ашып, бейтаптардын жалпы саны 5698ге жетти. Ал эми коронавирустан 92 киши көз жумган.
Өлкөдө 42 адам вирусту жеңип, 344 киши жандандыруу бөлүмүндө экендигин кошумчалаган.
Ушу тапта Түркияда массалык иш-чаралар токтотулуп, эл көп барган бир катар жайлар жабылган. Мындан сырткары, 65 жаштан өткөндөргө үйдөн чыгууга тыюу салынган.

Булак: sputnik.kg