Кыргызстанда 28-мартка карата коронавирус жуккан жаңы учур катталган жок

0
361

Кыргызстанда 28-март саат 14:00гө карата коронавирус инфекциясын жуктуруунун жаӊы учурлары катталган жок. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өтүп жаткан брифингде КР Саламаттык сактоо министрлигинин штаб жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.
Анын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө өлкө боюнча коронавирусту жуктурган 58 учур аныкталган.
Алардын ичинен;
-Жалал-Абад облусунда – 26,
-Ош облусунда – 27,
-Бишкек шаары – 4 (Чүй облусунун Москва районунун бир тургуну борбор калаанын инфекциялык ооруканасына которулган),
-Баткен облусунда – 1.
Булак: kabar.kg