Бүгүн жаңы учур катталган жок

0
65

Кыргызстандагы бүгүн, 26-мартта саат 15:00гө карата эпидемиологиялык абал тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Ахматова онлайн маалымат жыйын аркылуу маалымат берип жатат. Анын айтымында, жаңы учурлар катталган жок.
Кыргызстанда коронавирус аныкталган жалпы 44 адам бар. Арасында жаш балдар да бар. Эртең менен бейтаптардын ичинен 6 адам жандандыруу бөлүмүндө экени айтылган.
24-мартка карата Кыргызстанда:
— 1 жашка чейинки 1 балада;
— 6 жаштагы 1 балада;
— 14 жаштагы 1 өспүрүмдө коронавирус инфекциясы аныкталган. Калгандарынын жаш курагы – 16 жаштан тарта 86 жашка чейин.
Булак: barakelde.org