34 адам ооруканадан чыгарылды

0
195

online Онлайн эфир

Стационардык дарылоого киргизилген 122 адамдын абалы канаатандыралык деп бааланууда. Бул тууралуу 26-мартта болуп өткөн брифингде Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.
Анын айтымында, 10 адамдын абалы орточо, 6 адам оор абалда жандандыруу бөлүмүндө медициналык кызматкерлердин кароосунда дарыланып жатышат. Бардыгында тең коронавирус аныкталган.
26-мартка карата стационардык дарылануудан 34 адам канааттандырарлык абалда деп ооруканадан чыгарылды.

Булак: maralfm.kg