Балыкчыда обсервацияда 11 адам жатат

0
17

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында обсервацияда 11 адам жатат. Бул тууралуу үй-бүлөлүк медициналык борборунун башчысы Дамира Мусабаева билдирди.
Анын айтымында, 21-мартта дааваттан келген 10 адам, 24-мартта Түркиядан келген 1 адам карантинге алынган.
«Карантинге алынган адамдардын абалы жакшы. Алардын дене табы нормалдуу жана жөтөлү жок. 1-2 күндүн аралыгында коронавируска алынган анализдин жыйынтыгы келет. Жыйынтык чыккан соң кийинки чараларды көрөбүз», — деп билдирди ал.
Жалпы облус боюнча 42 адам обсервацияда жатат.
Буга чейин маалымдалгандай, Ысык-Көл облусунда 12 жарандан алынган анализдин жыйынтыгы чыгып, алардан COVID-19 вирусу аныкталган жок.
Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашкандай, Сауд Арабиядан кичи ажылыктан келген жарандар обсервацияда жатышкан. Жакынкы аралыкта дагы үч жарандын анализинин жыйынтыгы чыгат.

Булак: turmush.kg