Бишкекте 10 мобилдүү бригада үй карантининдеги жарандарга көзөмөл жүргүзүүдө

0
198

online Онлайн эфир

Бишкекте 10 мобилдүү бригада үй карантининдеги жарандарга көзөмөл жүргүзүүдө. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдайт.
Алардын билдирүүсүндө, мобилдик бригаданын медиктери ар кайсы өлкөлөрдөн келген 64 кишиге көзөмөл жүргүзүп, алардын 51и алгачкы жолу, 13 киши кайрадан текшерүүдөн өткөрдү.
«Бригаданын курамында Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун 1 дарыгери жана 1 эпидемиолог бар, алар өздүк коргоочу каражаттар, уюлдук байланыш менен камсыз болушту», — дейт штаб.
Мобилдик бригада компьютер жана транспорт менен камсыздалган.
Булак: 24.kg