Нарында үч жаран изоляцияда. Алар Сузак жана Ноокат райондоруна дааватка барышкан

0
66

Нарын облусу боюча бүгүнкү күндө 3 жаран изоляторго жаткырылган. Бул тууралуу бүгүн саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.
“Нарын облусу боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу. Үч жаранды коопсузданып атайын изоляторго жаткырганбыз. Мындан тышкары бул жарандар Ноокат жана Сузак райондоруна дааватка барып келишкен. Алар 14 күнгө обсервацияга жаткырылып, атайын лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында тастыкталган жок”,- деп маалымат берди Акматова.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 44 учур болду.
Булак: eldik.media