Кыргызстанда коронавирусту жуктурган 2 учур катталып, ооругандардын саны 44кө жетти

0
174

Кыргызстанда коронавирусту жуктурган 2 учур катталып, ооругандардын саны 44 жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.
Анын айтуусуна караганда,
Кечээ, 24-мартта, Кыргызстанда дагы 26 адамда коронавирус аныкталганы айтылган болчу. Алардын арасында жаш балдар да бар. Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 42ге жетти. Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 17 адам, Ала-Букада – 2, Ноокат району – 11, Кара-Сууда – 8, Ош шаарында – 1 жана Бишкек шаарында – 2 адам.
2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилди.
Булак: kabar.kg