Пакистанда зилзаладан 22 адам каза болду

0
525

Кечээ 24-сентябрь Пакистандын Кашмир аймагында 5,8 баллдык жер силкинүү болуп, борбор калаасы Исламабад баш болгон бир нече шаарлар талкаланган.  Жарадар болгондордун саны 300дөн ашат, арасында жаш балдар жана аялдар басымдуулук кылат.  Ал эми мерт кеткендердин саны 22ден ашканын Пакистандын маалымат министрлиги кабарлаган. Пакистандын маалымат министри Муштаф Минастын  маалыматына караганда, зилзаладан жапа чеккендерге чатыр, тамак-аш, дары-дармек жана башка керектүү буюмдар менен камсыздалган. АКШнын Геологиялык кызматы (USGS) маалымдагандай, күчү 5,8 баллдык силкинүүнүн очогу Кашмир аймагындагы Мирпур шаарына жакын жерде болгон. Ал эми Исламабаддагы Сейсмикалык мониторинг боюнча улуттук борбору зилзаланын очогу Желумба аймагынан түндүктү көздөй беш чакырым алыс аймакта, жердин 10 чакырым тереңдигинде болду деп маалымдаган.Зилзала болгон аймакка авиация жана медициналык колдоо жиберилгени айтылууда.