Казакстанда кыргызстандан барган жарандан коронавирус чыкты

0
57

Казакстандын Жамбыл облусунда коронавирус жуктурганы аныкталган 29 жаштагы жигит жакында Кыргызстандан келген. Бул тууралуу маалымат жыйынында Жамбыл облусунун товар жана кызматтардын сапатын жана коопсуздугун көзөмөлдөө департаментинин башчысы Берик Жаркынбеков билдирген.
“Жамбыл облусунда коронавирус жуктурган алгачкы учур катталды. Ал Шу районунун тургуну айдоочу болуп иштейт. 23-март күнү Кыргыз Республикасынан келген. 24-март күнү бир күнгө карантиндик стационарга жаткырылып, лабораториялык текшерүү жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгы менен инфекциялык ооруканага дарыланууга жаткырылды“, – деди Жаркынбеков.
Анын айтымында, учурда бейтаптын абалы канааттандырарлык. Ал менен аралашып жүргөн адамдар аныкталып, обсервацияга алынган. Ал жашаган жерде дезинфекция иштери жүргүзүлгөн.


Булак: eldik.media