Бишкекте коронавирустан адамдар кулап жатканы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт.

0
85

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.Социалдык тармактарда жана мессенжерлерде эркек адам жерде жатканда тартылган видео тарап жатат. Ыкчам медицина борборунан билдиришкендей, бүгүн Токомбаев менен Сухэ-Батор көчөлөрүнүн кесилишинде тротуарда эс-учун жоготкон адам жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Кароо учурунда дарыгерлер жаш жигит мас экенин аныкташты. Ал үйүнө жеткирилди.Жалган маалымат тараткандар жоопкерчиликке тартылат.

Булак: novosti.kg