Кыргыз-Ата айыл өкмөтү милицияга унаа алып берди

0
51

Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айыл өкмөтү аймактык тескөө кызматына “ВАЗ 2107” үлгүсүндөгү автоунаа тапшырды.
Унаа жергиликтүү бюджеттин эсебинен, аймактага кылмыштуулуктун алдын алуу максатында алынып берилген.
Аймактык тескөө кызматында кызматтык унаа жоктугунан түнкү рейддерге чыгуу, кылмыш болгон жерге ыкчам жетүүдө кыйынчылыктар көп болгон.
Аталган Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндө 3 аймактык милиция, 1 өспүрүмдөр менен иштөөчү инспектор эмгектенет.