Сузакта бардык автотранспорт каражаттары дезинфекцияланууда

0
150

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда бардык кирген жана чыккан автотранспорт каражаттары дезинфекцияланууда. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшан Рыспаев билдирди.
Белгилей кетсек, 18-март күнү саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы учур катталганын – Сузак районунда (Жалал-Абад облусу) 3 адамда коронавирус аныкталганын билдирген. Алар 12-мартта Кыргызстанга Сауд Арабиясынан учуп келишкен. Коронавирус аныкталгандан кийин Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилип, 19 блокпосттор коюлган.

Булак: kabar.kg