Сузакта өзгөчө кырдаал, 2 айылда карантин жарыяланды

0
353

Коронавируска байланыштуу Сузак районуна караштуу эки айыл карантинге алынды. Бул маалыматты Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Сузак районунун акими Эрмекбай Омошев тастыктады.
Анын айтымында, Сузак районуна өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Сузак айыл аймагынын Благовешенка айылы менен Кызыл-Суу айыл аймагынын Бостон айылына карантин жарыяланды.

«Тилекке каршы коронавируска күмөндүүлөр биздин тургундар болду. Ошол жашоочулар менен байланышта болгон жарандар медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө болуп жатат. Ошондуктан карантин жарыяланды», — деди аким.
Кыргызстанда коронавирус катталды. 3 адамдан коронавирус чыкканы бүгүн, 18-мартта белгилүү болду.
Бейтаптар Сауд Арабиядан кичи ажылыктан кайтып келишкен. Алар 12-мартта өлкөгө кайтып келгенден кийин текшерүүдөн өтүп, дарыгерлердин көзөмөлү менен үй карантинге алынган.
Умрадан кайтып келген Жалал-Абаддын Сузак районундагы Благовешенка айылынын жашоочусунун (аял киши) дене табы 16-мартта көтөрүлгөн. Аны ооруканага жеткиришип, алынган анализи Ош шаарына жөнөтүлгөн.
Аны менен бирге Сауд Арабиядан 8 адам кайтып келгени аныкталып, алардын ичинен 3 адамдан коронавирус чыкты.
Министр Космосбек Чолпонбаев коронавируска карата тест текшерилип жаткан Кыргызстандагы лабораториялар эл аралык стандарттарга туура келе турганын белгиледи.
Булак: turmush.kg