Чет өлкөдөн кайтып келген адам Баткендеги чек арадан артка качып жатканда кармалды

0
173

Кечээ, 12-мартта «Кадамжай» чек ара пунктунан өтүүгө аракет кылган адам кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Кыргызстандын 1964-жылы туулган жараны М.А. Өзбекстандан келип, чек арачыларга паспортун берген. Аны текшерүү учурунда ага ИИМ тарабынан Кыргызстандын аймагынан чыгууга тыюу салынгандыгын такталды. Териштирүү учурунда М.А. Өзбекстандын аймагына качууга аракет кылды. Бирок чек арачылар кармап калышты. Ал ИИМ тарабынан издөөдө жүргөндүктөн качууга аракет кылгандыгын айтты. Кармалган адам ИИМ кызматкерлерине тапшырылды.

Булак: turmush.kg