Жогорку Кеңештин эки депутаты үй карантинине алынды

0
91

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева жана депутат Абдыбек Дүйшалиев жана парламенттин жети кызматкери 14 күнгө үй карантинине алынды. Бул тууралуу Аида Касымалиева өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жазды.
Маалыматка ылайык, алар 8-мартта Берлинге Германия парламентинин (Бундестаг) жетекчилери менен жолугушуу үчүн учуп кетишкен. Бирок, акыркы коронавируска байланыштуу окуялардан улам көпчүлүк жолугушуулары токтотулуп, шашылыш учак билетинин алып 13-март түнү Германиядан иш сапарынан кайтып келишкен.
Касымалиеванын айтымында, Манас аэропортунда алардан коронавируска анализ алынган. Жыйынтыгы бүгүн түштөн кийин чыгат. Ошондой эле экинчи анализ карантиндин 10-12- күндөрү да алынмакчы.
— «Үйдөн иштейм. Ден соолугумдун абалы жакшы. Жөтөл, температура жок. Үй карантининин эрежелерин сактайм», — деп жазган Касмалиева.
Германия I категориядагы өлкөлөрдүн ичине кирет. Бул өлкөдөн келген кыргызстандыктар (транзит менен келсе да) атайын жайдагы 14 күндүк обсервацияга киргизилет.

Булак: maralfm.kg