Чүйдө коомдук унаалар жана мечиттер дезинфекцияланып жатат

0
159

Чүй облусундагы район, шаарларда эл кѳп жүргѳн жерлерди, тактап айтканда базар, мечит жана коомдук унаалардаы дезинфекциялоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Чүй облусундагы ѳкүлчүлүгүнѳн билдиришти.
Маалым болгондой, облустагы көзөмөл өткөрүү пункттары эпидемиологиялык талаптарга жооп берүү үчүн дайыма кѳзѳмѳл жүргүзүлүүдѳ жана техникалык жабдуулар менен камсыздалган.
Ошондой эле, шаарларда эл кѳп жүргѳн жерлерди, тактап айтканда базар, мечит жана коомдук унааларды дезинфекциялоо иштери жүрүүдө. Мамлекеттик, муниципальдык, социалдык, саламаттыкты сактоо жана билим берүү мекемелери гигиеналык нормаларды сактоодо санитардык куралдар менен камсыздалган.
Ындан тышкары, Чүй облусундагы беш көзөмөл-өткөрүү пункттарында жогорку температурадагы адамдарды аныктоо үчүн 26 медициналык кызматкерлердин күн-түн бою кезектешип иш алып баруулары уюштурулду.
«Чүй облусундагы саламаттыкты сактоо уюмдарында карантиндик, өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оору табылган учурда схемалары жана ыкчам иш-чаралардын планы даяр. Чүй облусунда аймактык ооруканаларда тиешелүү жабдык менен жабдылган, карантин жана өзгөчө коркунучтуу жугуштуу шектелген бейтаптарды кабыл алуу жайлары даярдалды», — деп айтылат маалыматта.

Булак:turmush.kg