Жогорку Кеңеште коронавируска байланыштуу мектептерди бир айга жабуу сунушталды

0
91

Жогорку Кеңеште коронавируска байланыштуу мектептерди бир айга жабуу сунушталды. Бул тууралуу бүгүнкү жыйында депутат Тазабек Икрамов билдирди.
Депутаттын пикиринде, мындай чара коронавирусту алдын алууга жардам берет.
«Жалпы билим берүү системасын, мектептерди, жогорку окуу жайларын бир айга — 15-марттан 15-апрелге чейин жабууну сунуштайт элем. Ушул аралыкта окубай калган программага жетиш үчүн июнь айына чейин узартып койсо болот эле», — дейт ал.

Булак: 24.kg